"Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата экономика жана сервис колледжинин «Информатика жана табигый илимдер дисциплиналары» окуу усулдук комиссиясы жумалык өткөзүштү

    2020-жылдын 17-февралынан тартып 21- февралга чейин "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына» карата М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин  экономика жана сервис колледжинин «Информатика жана табигый илимдер дисциплиналары» окуу усулдук комиссиясы жумалык өткөзүштү.
Жумалыкта студенттердин окууга болгон кызыгуусун артыруу үчүн ар кандай иш чаралар уюштурулду.

     Студенттер үчүн тарбиялык иш максатында ПИ 1-19 тайпасынын куратору Тонуева Д. И. жана ПИ 2-19 тайпасынын куратору Токтобай кызы Касиет «Ата мекенди коргоо» аттуу темада ачык куратордук сааттарды өткөзүштү.

  Окуу усулдук комиссиясы окутуучулары Тонуева Д. И. «Веб технологиялары жана программалоо» сабагы боюнча ПИ 1-18 тайпасында, Сарыпбекова Ж. Р. «Алгоритмдин негиздери жана программалоо» сабагы боюнча ПИ 1-19 тайпасында, Токтобай кызы К. «Математика» сабагы боюнча СО 3-19 тайпасында ачык сабактарды өткөзүштү.

   Жумалыкта колледжде атайын конок лекциялар окулду. Чакырылган коногубуз Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы "Соцсервис" мамлекеттик ишканасынын директору Абдылдаев Аман Турсунбекович окутуучулар курамына жана студенттерге санариптик технология боюнча пайдалуу, актуалдуу жана кызыктуу маалыматтарды берип кетти. Жана ошондой эле М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин Колдонмо информатика кафедрасынын окутуучусу техника илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Керимкулов Токтогул Керимкулович «Колдонмо информатика» кесибинин студеттерине кызыктуу лекция окуп берди.

    Жумалыктын соңунда окуу усулдук комиссиянын окуттучулары «Балдар жана санариптештирүү кылымы» атуу тегерек стол уюштурушту. Тегерек столдо колледждин студенттери өздөрүнүн докладдарын даярдашып, азыркы маалда болуп жаткан көйгөйлөрдү талкууга алышты. Ар бир катышкан студентке диплом ыйгарылды.

Ошентип, өткөрүлгөн жумалык  студенттерге жакшы тажрыйбаларды көрсөтө алды.

                                                                       Тонуева Динара Иманбековна