Социалдык педогогдун иш кагаздары

Бүгүн Экономика жана сервис колледжинин СС-1-22 группасы Кенжебаева Айсалкын Кадырбаевна менен бирге Бишкек шаарындагы N21 жалпы орто мектепте "Социалдык педогогдун иш кагаздары" темасында конок лекцияга барышты. Лекцияда мектептин директорунун окуу- методикалык иштери боюнча орун басары Бердикулова Асель Турсунбековна, мектептеги жалпы социалдык жактан корголгон окуучулар менен болгон иш-аракеттер жана ошондой эле алардын катышуусунда өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы " портфолио", отчеттор, иш кагаздары менен кенениреек тааныштырып кетти. Болочоктогу кесип ээлери-соц. педагогдор практика жүзүндө кандай иштерди аткаруусу керек экенин түшүнүштү. Барган студенттерге конок лекция пайдалуу да, жеткиликтүү да болду.