«Манас» эпосу-улуу дастан

   ЭжСКде « «Манас» эпосу-улуу дастан» аттуу конок сабак “ “Манас” эпосу-улуу дастан” аттуу темада Экономика жана сервис колледжинде 2017-жылдын 31-декабрында коноктук лекция болуп өттү.

   Мейманда кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, учурдун белгилүү манасчысы – Исаков Рыспай атайын келип, колледждин 2-курсунун студенттерине эпос тууралуу кызыктуу маек куруп берди. Аталган иш-чара “Тил үйрөтүү жана дене тарбия” ОУКнын окутуучулары тарабынан уюштурулду.

      Манасчы алгач, кыргыз элинин улуу мурасы болгон “Манас” дастанынан үзүндү айтып, угуучуларга жагымдуу маанай тартуулап, жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготту. Андан соң эпостун жаралышы, өзгөчөлүктөрү жана Манас баатыр баш болгон каармандарга байланыштуу студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берип жатып, эки саатка созулган сабак көздү ачып жумганча тез эле аяктады.     Натыйжасында, студенттердин “Манас” эпосуна болгон билимдери тереңдеп, жалпы дүйнө таанымдык көз-караштары кеңейип, манасчы менен жолуккандарына сыймыктанып да калышты.