Компьютердик, автоматтык жана кумар оюндардын зыяндуулугу, Лудомания коркунучтуу оору

2023-жылдын 10 февралында М. Рыскулбеков атындагы Илимий изилдөө университети, Кыргыз экономикалык университетинин Экономика жана сервис колледжинде, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 23 январындагы №31/1 буйругунун аткаруу максатында, КЭУнун чоң жыйындар залында колледждин бардык адистиктеринде билим алып жаткан студенттерине, «Компьютердик, автоматтык жана кумар оюндардын зыяндуулугу, Лудомания коркунучтуу оору», темасындагы көлөмдүү лекция Э. Алиев атындагы Ички иштер министирлининин Академиясынын Кылмыш жаза кафедрасынын доценти Ажыгулов Мирбек Токторбекович тарабынын болуп өттү. Азыркы учурда жаш муун, кумар, автоматтык оюндарга кызыгуусу көбөйүп жаткандыгы баардыгыбызга абзел, ошол көйгөйдү лектор статистикалык маалыматка, фактыларга таянып, абдан кызыктуу түшүндүрүп берди. Иш-чаранын алкагында, купуя тестирлөө өткөрүлдү, студенттер лекцияны кызыгуу менен кабыл алып, бул маселе абдан чоң суроо жаратып лекция өз максатына жетти.